Бишкекте 26 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган, жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-майда болжол менен саат 21:40та Toyota Corolla автоунаасынын М.А., аттуу айдоочусу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Ч. Айтматов көчөсүнүн кесилишинде жөө өтмөктө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Жабырлануучу шаардагы №4 ооруканага жеткирилген.
Автоунаа айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн