Бишкекте Токтогул көчөсүнүн Турусбековдон баштап Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү 15-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Белгилүү болгондой, аталган бөлүктө жылуулук түйүндөрүн күз-кышкы мезгилге даярдоо иштери жүрөт.
Ошондой эле Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түйүндөрүнүн камерасын реконструкциялоо иштерине байланыштуу 20-августка чейин автоунаанын каттоосуна жарым-жартылай чектөөлөр коюлат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн