Бишкек шаарында 3-4-апрель күндөрү айыл чарба продукцияларынын кезектеги жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкелер Биринчи май райондук администрациясы - И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жана Свердлов райондук администрациясы - Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Жарманкедеги продудукциялардын баалары:
Уй эти - 390-405 сом
Жылкы эти - 380-390 сом
Кой эти - 400-405 сом
Тоок эти - 200-210 сом
“Царь” суу майы - 130-132 сом
“Лучазерное” суу майы - 130-132 сом
“Ласка” суу майы - 130 сом
Фирма жумурткасы - 75-85 сом
Үй жумурткасы - 90-95 сом
Кайыңды шекери - 56 сом, 5 кг 280 сом
Алма - 30-60 сом
Сабиз - 10-15 сом
Картөшкө - 28 сом
Пияз - 14-16 сом
Ун - 27-38 сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн