Бишкекте соода борборлорундагы балдар оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн аянтчалардын толушу 50% дан ашпашы керек, бардык санитардык нормалар сакталып, бет кап режими сөзсүз түрдө эске алынышы керек.
Эскерте кетсек, 1-апрелден тартып Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу эпидемиологияга жана эпизоотикага каршы шаардык өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын чечими менен соода борборлорундагы балдар оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү тыюу салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн