Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:33
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Бишкекте балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн “Жаштар үйү” ачылды

01.09.2020 14:54
775
Бишкекте балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн “Жаштар үйү” ачылды


Бишкекте балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн “Жаштар үйү” ачылды. Учурда алардын саны 22ге жетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, убактылуу жашоо үчүн ачылган 24 орундуу үй Ленин районунун “Киргизия-1” айылынын Таалай көчөсүндө жайгашып, ал кыздарга гана арналган.


“Жаштар үйү” “Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн социалдык жактан колдоо боюнча долбоордун алкагында” “Жетимдерди коргоо укугу” коомдук фонду тарабынан ачылган.


Долбоордун ичине: (1-2 жыл) үч маал тамагы менен бекер турак-жай, билим берүү мекемесине кабыл алуу (кечки мектеп, кесиптик лицей, колледж, университет), аскердик каттоого  жана поликлиникаларга катталуу, укуктук сабаттуулуктун негиздерине окутуу жана башкалар кирет.


Эскерте кетсек, Бишкектеги Балтагулов көчөсү №1 дарегинде жайгашкан балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн убактылуу жатакана берүүчү борбор бар. Ал борбор муниципиалитет тарабынан жана «Ротари Клуб», «Ротари Клуб Осло» жана «Ротари Клуб Мажорстуен» уюмдары менен биргеликте ачылган. 1-сентябрга карата жатаканада 22 адам жашайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн