Бишкекте “Наристе” II эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтүүдө.
Фестивалдын салтанаттуу ачылышына президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева журналисттерге маалымдагандай, фестивалга 4 миңден ашуун бала катышууда.
“Иш-чарага Казакстан, Монголия, Россия, Алтай, Тувадан келген коноктор, ошондой эле музыкалык мектептердин балдары да катышууда. Бүгүн шаардын балдарынын жана чыгармачылык жамааттардын салтанаттуу жүрүшү болду”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн