Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте баңгизат саткан жаран кармалды

11.02.2022 12:51
343
Бишкекте баңгизат саткан жаран кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинин участкалык инспекторлору тарабынан баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, милициянын нөөмөт бөлүмүнө Комсомол көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде эркек адам баңгизат сатып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Дароо окуя болгон жерге №6 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө тобу барып, үйдүн ичинен өзгөчө жыты бар баштыкты тапкан.


Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1963-жылы туулган М.А. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн