Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенгендер кармалып, 110 кг кара куурай алынды

26.08.2020 18:13
783
Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенгендер кармалып, 110 кг кара куурай алынды


Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүп келген шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан баңгизаттын курамына кирген өсүмдүктөрдү ири көлөмдө өстүрүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Атайын ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн топтун мүчөлөрү 1972-жылы туулган К.О., менен 1992-жылы туулган Р.В., кармалды.

"Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында энеси менен баласына караштуу үйлөрдү тинтүүгө алуу учурунда өстүрүп жаткан кара куурай түспөлүндөгү өсүмдүк, гашиш майын даярдоо үчүн заттар, марихуана жана баңги каражатын колдонуу үчүн жабдыктар (бульбулятор) табылып алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 110 килограмм 450 грамм кара куурай алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар соттун чечими менен Тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн