Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, куткаруучулар М.Ауэзов көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
"Батирдин ичинен 1973-жылы туулган М.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн