Бишкекте батирлердин биринен 78 жаштагы аялдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Куткаруучулар Октябрь районунун 4-кичи районунда, жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батирлердин биринин, бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 1943-жылы туулган М.Р. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматына 5 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн