Борбор калаанын Ленин районунда жайгашкан батирден 84 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
"Куткаруучулар Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачканда 1936-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылды", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ кызматкерлери маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн