Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте бейбаштыкка шектелип алты чет элдик жаран кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелип алты чет элдик жаран кармалды


Майда бейбаштыкка шектелип чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


17-октябрда түнкү саат бирлер чамасында Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда чет элдиктер тобу жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуп жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.


Бул факты Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.


Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келген. Алар райондук бөлүмдүн тергөө кызматына чет элдик жарандар: 1993-жылы туулган Ш.В., 1986-жылы туулган А.З., 1993-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.Ф., 1995-жылы туулган П.Н., 1995-жылы туулган Н.А. 2001-жылы туулган М.Н., 1974-жылы туулган М.Б., 2000-жылы туулган М.Б., 1998-жылы туулган Н.А. жеткирилген.


Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде протокол түзүп, чечим чыгаруу үчүн Свердлов райондук сотуна жөнөткөн.


Жыйынтыгында сот 6 чет элдик жаранды үч суткага камакка алуу чечимин чыгарып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын тергөө абагына камаган. Алардын экөөнө 5500 сомдон айып салынды.


Иштин жүрүшүндө 2001-жылы туулган Н.А. жана 1996-жылы туулган К.Ф борбор калаадагы ЖОЖдордун студенттери экени аныкталган. Буга байланыштуу ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери аларды ЖОЖдордон чыгаруу боюнча кат жөнөтүшкөн.


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаада жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузган кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жогорку окуу жайларынан чыгаруу мүмкүндүгүн эскертет. Атайылап жалган жалаа жапкандыгы үчүн алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, кийин өлкөдөн чыгарылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн