Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте бейтааныш киши кызга таанышпай койгону үчүн кол көтөрүп, акчасын алып кетмек болгон

Бишкекте бейтааныш киши кызга таанышпай койгону үчүн кол көтөрүп, акчасын алып кетмек болгон


Бишкекте милиция кызматкерлери кызга кол салууга шектелген жаранды кармады.

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 28-майда О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол күнү саат 03:20 чамасында эч себепсиз денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, такси чакырып, айдоочудан 12-кичирайондогу банкоматтын жанына токтотууну суранган. Ал акча алып жаткан маалда бейтааныш бирөө келип калган. Эркек киши аны менен таанышууга аракет кылганын, бирок ал андан баш тартып, көңүл бурбай койгонун белгиледи.

Бул учурда банкомат сумманы бербегенине байланыштуу ал башка банкоматка барууну чечкен. Ал артка бурулганда бейтааныш киши аны бетке чаап, акча талап кылган. Ал эч нерсеси жок экенин билдирген, андан кийин эркек аны кайра урган.

Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтык каттоо журналы катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошол күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин кое берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн