Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте бир катар акча алмаштыруу жайлары жабылды

18.08.2023 13:27
625
Бишкекте бир катар акча алмаштыруу жайлары жабылды


Бишкекте бир катар акча алмаштыруу жайлары жабылды. Бул тууралуу Улуттук банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабылган бюролордо КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Ошентип, төмөнкү банкттардын лицензиялары токтотулду:

2023-жылдын 17-августунан тартып 26-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2-үй, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-соода жайы дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азия Трэвэл» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 107 «Фрунзе» СБ дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы;

- Чүй областы, Панфилов району, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 51-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ислам КЭШ» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 22-июлундагы № 6173 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 96А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «БаРаКа-финанс М» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-августундагы № 6342 лицензиясы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн