29-августка караган түнү Сыдыков көчөсүндө «Нива ВАЗ 21214» үлгүсүндөгү унаа уурдалган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-октябрда билдиргендей, бул факты боюнча ИИМ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунан 1995-жылы туулган Р.Р. карманная. Сот аны 1 айга СИЗО-1ге камады.
Анын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Тергөө учурунда кылмышка шектүү башка уурдалган унааларды каякка катканын көрсөткөн. Алар ээлерине кайтарылып берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн