Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте бир нече жаңы жер алдындагы өтмөктөр курулат

02.03.2022 11:34
651
Бишкекте бир нече жаңы жер алдындагы өтмөктөр курулат

Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда шаардын бир катар жерине жер өтмөктөрүн курууну пландап жатканын билдирди.


Анын айтымында, азыр жаңы технологиянын заманы болгондуктан жер өтмөктөрүн салуу кыйынчылык жаратпайт.


“Ар бир кесилиш жолдордо унаалар бурулганда жөө жүргүнчүлөр өтүп жол тыгыны пайда болууда. 10-15 жер астындагы өтмөктөрдү каза турган техникалар бар. Мурункудай асфальттын баарын талкалап, казып, жолду жарым жыл жаап коймой жок. Алматыдан көрдүм, жолдун астынан казып кирип аркы жагынан чыгып кетет. Бир нече жер астындагы өтмөктөрдү салышыбыз керек. Мен муну өз планыма киргизип жатам”, - дейт ал.


Эскерте кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 24-февралда дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Айбек Жунушалиев аркалап келген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн