Ордо калаада бүгүн саат 16:00дөн 17:30га чейин троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгенин белгиледи.
Троллейбустар качан ишин жандантары тууралуу кийинчерээк айтылат. Эске салсак, троллейбустар каттамын кечээ да токтотуп, мэрия муну техникалык себептер менен байланыштырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн