Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте чет элдик жарандын 213 миң сомдук велосипедин уурдаган шектүү кармалды (фото)

25.08.2023 15:30
387
Бишкекте чет элдик жарандын 213 миң сомдук велосипедин уурдаган шектүү кармалды (фото)


Бишкекте кымбат баалуу тоо велосипедин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-август күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Россиянын жараны Х.Д., кайрылып, анын 213 миң сомдук тоо велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Окуя саат 11:50 чамасында Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кечилишиндеги соода борборлорунун биринин жанында болгон. 


Милиция кызматкерлери боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "Уурдоо" боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1985-жылы туулган А.Б. кармалган.


Кармалган адам Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Көп өтпөй анын башка велосипеддерди да уурдоого тиешеси бар экени белгилүү болду.


Кармалган жарандын аракеттеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы барлар 0702 00 33 30 же 102 телефондору аркылуу кабарлашса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн