Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте чет өлкөлүк ишкерди сабап, тоноп кеткен жарандар кармалды

07.06.2022 17:08
689
Бишкекте чет өлкөлүк ишкерди сабап, тоноп кеткен жарандар кармалды


28-майга караган түнү Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде түнкү саат 01.00 каракчылык жасалган. Белгисиз адамдар башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында Түркиядан келген 57 жаштагы ишкер О.Ч. жашаган үйгө кирип келишкен. Кылмышкерлер күч колдонуп, ишкерди таяк менен сабашкан, андан кийин 60 миң сомдон ашык акча жана башка баалуу буюмдарды ээлеп алышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер дарбазадан секирип кирип, андан кийин короодогу электр жарыгын өчүрүшкөн. Ошол учурда жабырлануучу короого чыкканда, ага кол салышкан. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-пунктунун 3-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.


 Бул кылмыш ишинин негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Экинчи башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан карактап кол салган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кеңири масштабдуу ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү. Маалым болгондой, бул кылмышка мурда соттолгон адамдар катышкан.


6-июнь күнү жүргүзүлгөн иштин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери эки шектүү жаранды кармашты: Ош облусунун Ноокат районунда 1999-жылы туулган А. уулу С. менен А.уулу А.. 


 Шектүү адамдарды кармоо иш-чарасы алардын азыркы жашаган жери боюнча Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жүргүзүлдү. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.


Жогорудагы жарандардан жабыр тарткандар же кандайдыр-бир маалыматтарды билгендер ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына (0312) 266004 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз.


  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн