Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 01:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте дагы 5 кошумча күндүзгү стационарды ачуу пландалып жатат

07.07.2020 17:25
1043
Бишкекте дагы 5 кошумча күндүзгү стационарды ачуу пландалып жатат


Бишкек шаарында саатына 220 адамга чейин тейлей ала турган дагы 250 орундуу 5 стационар ачуунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов бүгүн, 7-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде билдирди.

Ошону менен бирге ооругандар көп болгон жерлерге дагы 5 кошумча күндүзгү стационар ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мамлекет башчысы ооруканаларды күзгү-кышкы эпидемиологиялык кырдаалга даярдоонун, врачтарды кошумча транспорттор менен камсыз кылууда жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.

Мэриянын тез жардам унааларынын жетишсиздиги боюнча суроо-талабына карата президент Республикалык штабга маселе буга чейин өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн линиясы аркылуу карап чыгуу сунушталгандыгын эске салды. Аталган маселе боюнча конкреттүү сунуштардын киргизилүүсү күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы ошондой эле ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилген тармактар боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мэрдин көңүлүн коомдук транспорттогу санитардык ченемдердин сакталбай жатканына бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өндүрүш ишканаларын колдоо, жарандык коом жана ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кайрылуулары боюнча тыгыз байланыштын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн