Бишкек шаарынын тургуну, ишкер Атыркүл Ибраимова ресторанын күндүзгү стационар кылуу үчүн берди.
Өзүнүн айтымында, 320 орунга эсептелген ресторанын Көк-Жар айылындагы айыл өкмөтүнө берди.
"Азыр шаарда күндүзгү стационарлар ачылганы менен орундар жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан "Даршан Холл" ресторанын убактылуу пайдаланууга берүүнү чечтик. Имаратты бошотуп бердик, азыр 20 керебет коюлду. Бүгүн дагы матрац сыяктуу керектүү буюмдарын алып келишет. 50 орундуу стационар кылууну пландап жатабыз", - деди ал.
Пикирлер (1)