Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында бир тонна көмүр Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде 3 миң сомдон сатылып баштады.
Ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан көмүр сатылмай болгону менен алуучулардын көптүгүнөн улам чектөө 1 жарым тоннага өзгөрдү. Көмүр алабыз дегендердин саны арбын болгондуктан кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды. Бул туурасында "Кыргыз көмүр" ишканасынан маалымдашты.
"Кошумча ачылган кампадан көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон алса болот. Дареги Мурманская көчөсү, 30Б. Муну менен учурда эки кампада тең көмүр сатылууда", - дешти ишкананын маалымат кызматынан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн