Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте дагы бир келин төрөттөн көз жумду

Бишкекте дагы бир келин төрөттөн көз жумду


Бишкектеги перинаталдык борбордо (№4 төрөт үйү) жаңы төрөгөн келин көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.


Маалыматка ылайык караганда, кош бойлуу келин төрөт үйүнө кечээ оор абалда келген. Медиктер ага преэклампсия диагнозун коюшкан.


"Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Келин төрөт үйүнө кечээ кан басымы көтөрүлүп түшкөн. Тилекке каршы, ал бүгүн операциядан кийин үзүлдү. Баланын дагы түйүлдүктө өнүгүүсү артта калган. Ал айына жетип 41 жумада төрөлдү, бирок абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө. Көз жумган келиндин эки баласы болгон, Таласта катталганы менен Бишкекте жашачу экен. Туугандары анын сөөгүн экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты", — деди министрликтин өкүлү.


Мындай көрүнүш жыл жаңыргандан бери экинчи ирет кайталанып жатат. Январдын ортосунда буга чейин №2 төрөт үйүндө эгиз уул төрөгөн келин каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн