Бишкек шаарындагы №62 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мектепте бир окуучу жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталган.
№62 мектепте бир мугалим, бир окуучудан коронавирус илдети аныкталгандыктан бүгүндөн баштап 24-декабрга чейин 1-класстан 11-класска чейин онлайн окууга жөнөтүлдү.
Буга чейин №56 мектеп коронавирустан улам карантинге жабылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн