Бишкектеги №6 мектеп-гимназиядан COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан сабактар онлайн-форматта өтмөй болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымына караганда, эки окуучудан коронавирус табылган.
"Эртеңден тарта сабактар аралыктан өткөрүлө баштайт", — деди вице-мэр.
Ал ошондой эле дагы бир нече мектеп карантинге жабылышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн