Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:19
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлдү

06.01.2024 12:28
459
Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлдү


Бүгүн, 6-январдан Бишкек шаарындагы Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрү бир тараптуу болуп өзгөртүлдү.


Тактап айтканда, Ж. Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн тарта түштүктөн түндүк багытка карай Жибек-Жолу проспектисине чейин бир тараптуу болду. Ал эми Т. Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен тарта түндүктөн түштүк багытка карай Москва көчөсүнө чейин бир тараптуу болуп өзгөртүлдү.


Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада тыгын көйгөйүн чечүү максатында бир нече көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлөрүн билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн