Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте дагы эки көчөгө коомдук транспорт үчүн тилке бөлүнүүдө

23.10.2023 09:32
328
Бишкекте дагы эки көчөгө коомдук транспорт үчүн тилке бөлүнүүдө


Бишкектин Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия кабарлады.


Муниципалитеттин тармактык кызматкерлери жана инспекторлор түнкүсүн иштеп жатканы айтылды.


Учурда Байтик баатыр көчөсүнө Медеров көчөсүнөн чыгыш тараптан Лев Толстой көчөсүнө чейин атайын тилке түшүрүлдү. Ошондой эле Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.


Эми иш Абдрахманов көчөсүндө Жибек Жолу проспектине чейин уланат.


Коомдук транспорт үчүн тилке буга чейин Түштүк магистралдын Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатырга чейинки жерине чийилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн