Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 20:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте дарыгерлер митингге чыкты

16.04.2021 16:54
2271
Бишкекте дарыгерлер митингге чыкты
Бүгүн  Бишкектеги Панфилов паркына медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыкты.

Анда мединицина кызматкерлери бийликтен бир жолку төлөнүүчү кенемтени берүүнү, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын заманга ылайык көтөрүп берүүнү, профсоюздан баш тартуу жана аны леквидациялоону талап кылышууда.

Атын, иштеген жерин атагысы келбеген үй-бүлөлүк дарыгер төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Компенсация бир жыл болуп калды төлөнө элек. Ошондон бери эч ким төлөгөн жок, айтпайт. Документтерибиздин барын тапшырып койгонбуз. Саламаттыкты сактоо министрлигинде жатат. Былтыр июль айында коронавирус болуп ооруп калгам. Мобилдик бригадада иштегем.
Андан сырткары, айлык акы боюнча эки эсе көбөйдү дешти бирок чын-чынына келгенде үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы кайра азайды. Себеби дегенде биз баллдык систем менен иштечүбүз. Колубузга 20-21 миң айлык алчубуз. Азыр болсо колубузга 12 миңдей тийип калат окшойт”, - деди дарыгерлердин бири.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн