26-мартта Бишкек шаарында дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, курулуштун башталышына дарыгерлер жана министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Суеркулов-Байтик баатыр көчөлөрнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8 кабаты турган. Аны 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.
Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев аталган курулуш түрк фирмаларына таандык экенин айтып, аны сатып аларын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн