Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги дарыкананын кампасына мөөр басты.
Комитеттин басма өз кызматынан билдиргендей, учурда бир катар фармацевтикалык компанияларга жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын маалымдайт.
Бул иш боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында «М-РАЙН» ЖЧКсынын кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ири көлөмдөгү дары-дармектердин табылганын эске алып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылган.
Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн