Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

30.06.2020 09:10
1119
Бишкекте дезинфекциялоо иштери  жүргүзүлдү (сүрөт)


29-июнда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу максатында Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. 


Маалыматка караганда, Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин эл көп чогулуучу жайларда, банк, дарыкана, аялдамаларда, жер өткөөлдө, ири соода борборлордун алдында жана ошондой эле Орозбекова көчөсүндө жайгашкан "Эталон-Строй", "Көк-Сай", "Айдин", "Шар-Чебер" жана "Арпа" кичи базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жалпы аянты 14080 чарчы метрди түздү.


Ошондой эле, Бишкек шаарынын Орто-Сай базарында жана айланасында жайгашкан соода түйүндөрдө, дүкөндөрдө, аялдамаларда жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 6700 чарчы метрди түздү. Дезинфекциялоо иш-чаралары уланмакчы.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн