Баш оона 27, 2025
Убакыт: 21:52
USD
87.10
87.60
EUR
101.00
102.00
RUB
1.075
1.105

Бишкекте эгиздүү болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деп ат ыйгарды

15.11.2021 16:49
737
Бишкекте эгиздүү болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деп ат ыйгарды

Бишкекте эгиз уулдуу болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу "Супер.кг порталына алардын кошунасы билдирди.


Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.

"Эгиз уулдардын салмагы 2 килограмм 700 граммдан. Алар бүгүн, 15-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Эгиздер ата-эненин төртүнчү балдары. Кошунамдын жакын туугандары кеңешип уулдарына Садыр, Камчыбек деген ат коюшту. Алар түндүк менен түштүктү бириктирген, элине тынчтык орноткон, элге күйгөн уулдардан болсун деп ушул атты тандашыптыр",- деп билдирген эгиздердин ата-энесинин кошунасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн