Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:22
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкекте эки автобус каттамынын схемасы өзгөртүлдү

19.01.2024 16:40
520
Бишкекте эки автобус каттамынын схемасы өзгөртүлдү


Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №34 автобустун каттамы Шоро компаниясынан жаңы автобекетине чейин узартылды.

Ал эми №146 автобус Мыкан айылына жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн