Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:28
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Бишкекте эки дарыканага 79 миң сомдон айып пул салынды (видео)

10.04.2023 14:28
588
Бишкекте эки дарыканага 79 миң сомдон айып пул салынды (видео)



Бишкек шаарындагы өспүрүмдөр арасында “Дарыканалык баңгиликти” жок кылууга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте “дарыканалык баңгиликти” алдын алуу боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.  


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, күчтүү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча жарандардан арыз-даттануулар түшкөн дарыкана мекемелерине атайын максаттуу текшерүү жүргүзүлгөн. 


Рейд учурунда рецептерсиз жана кассалык чектерсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Мындан тышкары, фармацевттер так сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары-дармектерди рецепт боюнча сатуусуз эле ушундай эле ыкма менен ишке ашырышкан.


Текшерүүлөр боюнча Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эки дарыкана пунктунда мыйзам бузуулар аныкталган. Жалпысынан тропикамиддин 30 флакону, лириканын 38 капсуласы (прегабалин) жана 19 Сомнол таблеткасы алынган. Аталган дарыкана пункттарына Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 77-беренесинин., 1-п. жана 284-беренесинин.1-п. ылайык жалпы суммасы 79 000 сомго айып салынды. 


Мындан тышкары, дары-дармек каражаттарын сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы жок ишкердик жүргүзгөн дарыкананын бирине карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардан кийин юридикалык баа берилет.


КР ИИМдин БМЖКККнын жана Департаменттин кызматкерлери фармацевтерге рецепт көрсөтүлгөндө гана сатууга уруксат берилген, күчтүү дары-дармек каражаттарына таандык соода эрежелерин бузган учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 294-беренеси (Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн