Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:22
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте эмне үчүн электр жарыгы өчүрүлдү?

02.07.2021 12:45
646
Бишкекте эмне үчүн электр жарыгы өчүрүлдү?

Бүгүн, 2-июлда, саат 10:04тө Бишкек ЖЭБинде Т-2 трансформатору өчүп калган. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, натыйжада 35 кВ жана 6 кВ чубалгылары өчүрүлүп, 35 кВ Пенко-Джутовая кабелдик чубалгысы - 1 жана 2, 35 кВ кабелдик линия Энергострой жана 35 кВ кабелдик линия Автомаш. 6 кВ ГРУдан чыккан КЛ 6 электр зымдары электр кубатынан ажыратылды.


"Кырдаал көзөмөлгө алынды, ушул тапта кызматкерлер шаймандарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Саат 12:00гө чейин Т-2 трансформатору ишке киргизилет, электр энергиясы калыбына келтирилет", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн