Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкекте эртеңден тарта коомдук транспорттордун жол киреси көтөрүлөт

29.01.2024 11:20
576
Бишкекте эртеңден тарта коомдук транспорттордун жол киреси көтөрүлөт


30-январдан баштап Бишкекте коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирет.


Вице-мэр Максат Сазыкулов жол кире акысы кимдерге акысыз боло тургандыгын айтты:

пенсионерлер, майыптыгы барлар (кызыл "Тулпар" картасы менен) автобус менен троллейбустарда акысыз жүрсө, маршруткага 8 сом төлөшөт;

- окуучулардын жашыл "Тулпар" картасы 360 сом турат. Аны менен бир ай акысыз жүрүшөт;

- чектөөсүз (лимитсиз) карта 1 020 сом турат, аны менен айына каалаганча жүрүүгө болот. Күнүнө 4-5 жолу каттаса, жол кире 5-6 сомдон айланат;


Сазыкулов жол кире "көтөрүлдү" деген туура эмес экенин, ал болгону өздүк наркына туураланганын белгиледи.


Эгер шаар тургуну коомдук транспортко жол кирени накталай берсе 20 сом, накталай эмес "Тулпар" картасы менен 17 сом, ал эми Mega тиркемеси менен төлөй турган болсо убактылуу 11 сом болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн