Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 06:49
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте эшиги жабылып калган батирден аялдын жансыз денеси табылды

21.12.2021 17:22
866
Бишкекте эшиги жабылып калган батирден аялдын жансыз денеси табылды

Бишкекте батирлердин биринен 93 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 11-кичирайонунда жайгашкан үйдүн эшиги ачылбай, бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Куткаруучулар эшикти ачкан учурда батирдин ичинен 1928-жылы туулган Е.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн