Баш оона 04, 2025
Убакыт: 12:49
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.080
1.115

Бишкекте инсультту жаңы ыкма менен дарылап, бейтап дароо сүйлөй баштаган

04.08.2025 09:56
13
Бишкекте инсультту жаңы ыкма менен дарылап, бейтап дароо сүйлөй баштаган


Бишкекте инсульт алган карыяны жаңы ыкма менен дарылап, бейтап 5 мүнөттөн кийин сүйлөй баштаган. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан кабарлашты.


27-июлда Тез жардам кызматы 76 жаштагы аялды Улуттук госпиталдын Инсульт борборуна жеткирген. 40 мүнөттүн ичинде томография жасалып, альтеплаза препараты аркылуу тромболиздик терапия жүргүзүлгөн. Беш мүнөттөн кийин бейтап сүйлөп, кыймылдай баштаган. Үч күндөн кийин ал үйүнө чыгарылды.


Бул Бишкекте тромболиздик терапиянын ийгиликтүү колдонулган алгачкы учуру экени айтылды.


Министрлик туура диагноз коюп, бейтапты атайын мекемеге өз убагында жеткирген Тез жардам кызматынын ишине жогору баа берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн