Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте ири өлчөмдө пара талап кылган алдамчы милиция кызматкери кармалды

03.03.2022 16:44
368
Бишкекте ири өлчөмдө пара талап кылган алдамчы милиция кызматкери кармалды

Бишкекте өзүн милиция кызматкери катары көрсөтүп, 5 миң доллар талап кылган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан ички иштер органынын мурдагы кызматкери Ш.Э.Т. аттуу жаранга карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актысы бекитилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (“Алдамчылык”) каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.


Текшерүүдө, укук коргоо органдарындагы белгилүү бир чөйрөдө байланыштары бар, органдардан терс себептер менен бошотулган Ш.Э.Т. материалдык пайда табуу максатын көздөп, кылмыш иши боюнча оор кесепеттерге алып келем деп коркутуп, ошондой эле тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экендиги тууралуу айтып, алдамчылык жолу менен Э.Э. аттуу жарандан ири өлчөмдөгү акча каражатын алгандыгы аныкталды.


Айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн