Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте ири партиядагы контрафакттык энергетикалык суусундук аныкталды

26.01.2024 16:08
195
Бишкекте ири партиядагы контрафакттык энергетикалык суусундук аныкталды


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Дордой Моторс" базарынын аймагында энергетикалык суусундуктарды мыйзамсыз сактаган жана саткан соода түйүнүн аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн белгилүү эл аралык соода маркасындагы 6 миң 876 банка энергетикалык суусундук тартып алынды.

Субъектте продукцияга карата бардык керектүү уруксат берүүчү документтер жок болгон. Энергетикалык суусундуктар товарлардын акцизделчү тобуна кирет, бирок тиешелүү салык төлөнгөн эмес, бул өлкөгө контрабандалык жол менен ташып келингендигин тастыктайт.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо иштерин улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн