Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте ири суммада зыян келтирген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте ири суммада зыян келтирген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте 63 миң долларлык мүлктү уурдоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун  мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Бишкектин тургуну белгисиз адамдар алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтиргенин билдирип, укук коргоо органдарына кайрылган.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон.


Комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 27 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кармалган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 2021-жылы жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң доллардан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.


Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн