Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте ишкерди тапанча менен коркутуп, тоноп кеткен УКТнын мүчөсү кармалды

25.09.2020 10:37
1131
Бишкекте ишкерди тапанча менен коркутуп, тоноп кеткен УКТнын мүчөсү кармалды


ИИМдин Криминалдык милициякызматынын кызматкерлери тарабынан ишкерге каракчылык менен кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ушул жылдын 30-январында болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз азиат түспөлүндөгү эки адам, Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен, Д.Ш. аттуу жеке ишкерге кол салышкан. 


Кылмышкерлер  белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ага күч колдонуп, өзүнүн автоунаасына отургузуп, Бишкек шаарынын эски аэропортуна  алып барышкан. Жабырлануучуну бир күн кечке мыйзамсыз эркиндигинен ажыратып,  тапанча менен коркутушуп,  500 долларын жана 12000 сомун алып кетишкен.


Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.


Ушул жылдын февраль айында прокуратура мындан ары иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берип, аталган кылмыш иши  ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 202-бернесинин 1,2,3, бөлүмдөрү  менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык)  иликтене баштаган.


ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде шүктүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө киришкен.  Аталган факты  тыкыр иликтөөгө алынып, натыйжада   шектүү катары катары Бишкек шаарынан 1995-жылы туулган  Талас облусунун жашоочусу А.Д. кармалды, ал мурда соттолгон. 


КМКнын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат.  Учурда кармалган жаран ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн