Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүү жүргөнү аныкталды

Бишкекте ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүү жүргөнү аныкталды

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» Жарлыгын аткаруу жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында, Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Прокурордук текшерүүдө ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылбастан мыйзамсыз текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Алардын жыйынтыгы менен ишкерлерге айыптар салынган. 


Мыйзамга ылайык тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашылбаган текшерүүлөр одоно мыйзам бузуу болуп саналат жана алардын жыйынтыктары жараксыз деп таанылат. 


Белгиленген мыйзам бузууларды эске алуу менен, прокуратура тарабынан аталган инспекциянын кызмат адамдарынын кыймыл - аракеттерине укуктук баа берүү үчүн топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320- беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн