Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:05
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Бишкекте иштеген жашы жете элек балдар көбөйүүдө

20.06.2020 16:31
1462
Бишкекте иштеген жашы жете элек балдар көбөйүүдө


Кыргызстанда Эмгек кодекси боюнча балдарды жумушка кабыл алуу үчүн алардын курагы 16 жаштан төмөн болбошу керек. 14 жашынан тарта ишке орношуу үчүн ата-энелердин кагаз жүзүндөгү макулдугу талап кылынат. Тилекке каршы, бул талап, дайыма эле сактала бербей тургандыгын борбор калаабыздын милиционерлери тарабынан өткөрүлгөн “Өспүрүм – эмгек” рейди дагы бир жолу тастыктады.


Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы машина жуучу, оңдоочу жайларга жана кафелерге жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө иштеп жаткан 140 бала кармалгандыгын билдирди. Алардын 91и ата-энелерине тапшырылып, 49у ИИМдин Тартип бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди.


Кошумчаласак, Эмгек кодекстин 15-беренеси балдардын ден соолукка, акыл-эстин өөрчүүсүнө залака келтирүүчү, моралдык жана социалдык өнүгүүгө, билим алууга тоскоолдук жаратуучу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн