Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 01:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте иштеп жаткан 9 күндүзгү стационардын даректери (тизме)

08.07.2020 15:37
1274
Бишкекте иштеп жаткан 9 күндүзгү стационардын даректери (тизме)

Бишкек шаарында учурда 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 4-июлдан 8-июлга чейин күндүзгү стационарларга 5500 адам медициналык жардамга кайрылды, 730 адамга кеңеш берилип, 4800 адам капельница түрүндөгү инъекция алды, 33 адам ооруканаларга жаткырылды, 4 адам каза болду. Күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт.  

Борбор калаада иштеп жаткан күндүзгү стационардын даректери:

Ленин районунда:

- “Газпром” спорткомплекси, Токонбаев - Чортекова – 120 орун;

- № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул - Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде);

- “Арал” кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:

- Р. Санатбаев атындагы ФОК, Восток - 5 кичирайонунда – 150 орун;

- № 94 орто мектепте – 50 орун (“Дордой” конушунда).

Октябрь районунда:

- “Бишкекпекарня” муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, чиркөөнүн жанында – 200 орун;

- “Сейтек” мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10, “Алатоо” университети).

Биринчи май районунда:

- № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);

- К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн