Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте кафе жана коомдук унааларга 2 миллион сомго жакын айып салынды

17.06.2020 14:48
964
Бишкекте кафе жана коомдук унааларга 2 миллион сомго жакын айып салынды


Бишкек шаарында кафе жана коомдук унаа айдагандарга салынган айыптан 2 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 17-июнга карата санитардык эрежелерди бузган 791 учур катталып, 1 миллион 298 миң 500 сомго жана карантиндин эрежелерин сактабаган кафе-ресторандарга 118 протокол түзүлүп, 524 миң сомдук айып салынган.


Ошондой эле коомдук транспортторду айдаган 98 айдоочуга жана алардын 9 жетекчисине карата 117 миң сомдук протокол түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн