Бишкектеги Чоң Чүй каналынан болжол менен 40-45 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
26-сентябрь күнү Ленская көчөсүндөгү Чоң Чүй каналында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат куткаруучуларга келип түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, суудан 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн