Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат, - мэрия

11.12.2023 17:58
247
Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат, - мэрия


Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Муниципалитеттен билдиришкендей , унааларды туура эмес коюу жолдорду карды тазалоого бир топ кедергисин тийгизүүдө.


«Тазалык» ишканасы борбор калаанын жолдорун тазалоону улантып жатканын мэриядан кошумчалашты. Акыркы үч күндө жолдорго 500 тоннадан ашык туз чачылса, анын 74 тоннасы тротуарларга жумшалган.


"Көчөлөргө 39 атайын техника чыкты: 27 кар тазалоочу, 1 кум чачуучу, жүктөгүч, щетка жана күрөктөрү бар төрт «Беларусь» трактору, 5 универсалдуу УКМ-2500. Жол боюндагы аялдамалардагы жана тротуарлардагы карды тазалоого 649 көчө тазалоочу жана 116 жүк ташуучу чыкты", - деп билдирет мэрия.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн