Бүгүн саат 13:36 чамасында "102" линиясына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды уурдап кетишти деген чакыруу түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Аял баласын жарандык никедеги күйөөсү уурдап кеткенин билдирген. Милициянын кайгуул кызматкерлери окуя болору менен 1982-жылы туулган Ш.Ф аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.
Тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн