Бишкекте тергөөчү тарабынан камакка алынган адам качып кетти. Кармоо планы жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Бүгүн Ысык-Ата райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тергөөдө жүргөн адамды Бишкектеги СИЗО-1ге алып кетишкен.
Бирок тергөө абагынын кире беришинде ал белгисиз тарапка качып кеткен. Буга байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда "Перехват" планы жарыяланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн